Loading...

Коддогу комментарийлер

Коддогу комментарийлер

Комментарий - бул каралып жаткан коддун бөлүгүндө эмне болуп жатканын түшүндүргөн эскертүү. Алар эмне үчүн бир нерсе кылганыңызды же коддун бир бөлүгү кантип иштээрин түшүндүрүү үчүн колдонулат. Кодду жаңыдан баштап жатканыңызда, кийинчерээк кайра келе турган көптөгөн комментарийлерди калтырганыңыз жакшы. Функцияларыңызды жана өзгөрмөлөрүңүздү кантип туура жана ыңгайлуу атоону үйрөнгөндөн кийин, сизге көп комментарийлердин кереги жок экенин түшүнөсүз.

Pythonдо комментарийлер # белгиси менен түзүлөт.

@A@#print('Бугун ийгиликтуу кун болду.')

print('Ушул сайтка катталгыла') # реклама болугу@A@

@T@Ушул сайтка катталгыла@T@

 

Колдонуучудан маалыматтарды кабыл алуу

Эгерде басып чыгаруу функциясы чыгаруу үчүн жооптуу болсо, анда киргизүү функциясы маалыматты киргизүү үчүн жооп берет. Бул функция кошумча параметр катары киргизүү сунушун алат жана биз өзгөрмөдө сактай турган киргизүү сабын кайтарат:

@A@name = input('Атынызды киргизиниз: ')

print('Салам ', name)@A@

         

@T@Атынызды киргизиниз: Айгерим

Салам  Айгерим @T@