Loading...

Тиркеме түзүү

Тиркеме түзүү үчүн  түзүлгөн долбоорго киребиз, ал үчүн төмөнкү команданы жазабыз

myProject\ cd projectName

Эми тиркемени түзөбүз

myProject\ projectName\python manage.py startapp appName

Автоматтык турдө appName папкасы тузулөт. Ал папканын ичинде алты түрдүү файл тузулөт.

projectName/
    manage.py
    projectname/
    appName/
        admin.py
        apps.py
        models.py
        tests.py
        views.py
        __init__.py
        migrations/

admin.py- бул файл модельдерди (кийинки сабактарда каралат) автивдештирүү үчүн колдонулат.

apps.py- бул файл биз түзгөн тиркеменин настройкасы катары пайдаланылат, б.а долбоор менен тиркемени туташтыруу үчүн колдонулат.

models.py- модельдерди түзүүгө арналган файл.

tests.py- тест жургузуу учун колдонулат.

views.py- баардык иш аракеттер (функциялар) аткарылуучу файл.

migrations- модельдер түзүлгөндөн соң автоматтык код генерация болот жана мурунку кештер сакталат.