Loading...

Программанын структурасы

        Java программасынын негизги курулуш материалы - бул инструкциялар (statement). Ар бир инструкция методдорду(башка тилдерде функция деп да аташат) чакыруу, өзгөрмөлөрдү жарыялоо жана аларга маанилерди ыйгаруу сыяктуу кээ бир аракеттерди аткарат. Java тилинде билдирүү аяктагандан кийин чекиттүү үтүр (;) колдонулат. Бул белги компиляторго инструкциянын аяктаганын көрсөтөт. Мисалы:

 

System.out.println("Hello Java!");

 

Бул сап "Hello Java!" сапты консолго басып чыгарган System.out.println методун чакырууну билдирет. Бул учурда, методду чакыруу инструкция болуп саналат жана ошондуктан чекиттүү үтүр менен аяктайт.

Жеке инструкциялардан тышкары, жалпы конструкция код блогу болуп саналат. Код блогу инструкциялардын жыйындысын камтыйт, ал “фигурный” кашаалардын ичинде камтылган жана инструкциялар - ачуу жана жабуу “фигурный” кашаалардын ортосунда жайгаштырылат:

{

    System.out.println("Hello!");

    System.out.println("Welcome to Java!");

}

Бул код блогу консолго белгилүү бир сапты басып чыгарган эки инструкцияны камтыйт.

Программанын аткарылышы. “Main” методу

Java объектиге багытталган тил, ошондуктан бүт программаны өз ара аракеттенүүчү класстардын жана объекттердин жыйындысы катары кароого болот. Башта, биринчи тиркемени түзүүдө программа төмөнкүчө аныкталган:

 

public class Program{

    public static void main (String args[]){

         System.out.println("Hello Java!");

    }

}

 

Башкача айтканда, программабыздын негизин Программа классы түзөт. Классты аныктоодо, биринчи кезекте “public” модификатору келет, бул класс программанын бардык бөлүгу үчүн жеткиликтүү болорун билдирет, башкача айтканда, биз аны командный строкадан иштете алабыз. Андан кийин класстын ачкыч сөзү - class, андан кийин класстын аты келет - Program. Класстын аталышынан кийин класстын мазмунун камтыган код блогу келет – {   … }.

Java программасына кирүү чекити Программа классында аныкталган Main методу  болуп саналат. Бул жерден программа башталат. Ал программага киргизилиши керек. Бул учурда, анын көрүнүшү мындай болушу мүмкүн:

public static void main (String args[ ])

Тиркеме башталганда, Java виртуалдык машинасы негизги программа классында Main методун издейт жана аны тапкандан кийин аны программа иштешин баштайт.

 

Методдун аталышынын алдында public модификатору бар, ал метод сырттан жеткиликтүү болорун көрсөтөт. Static деген сөз негизги ыкманын статикалык экенин көрсөтүп турат, ал эми void сөзү эч кандай маанини кайтарбай турганын билдирет. Андан кийин, кашаанын ичинде методдун параметрлери бар - String args[] - бул String түрүндөгү маанилерди сактаган args аттуу массиви, башкача айтканда, саптардын жыйындысы. Бул массив аркылуу программаны иштеткенде биз программага ар кандай маалыматтарды өткөрө алабыз.

Методдун аталышынан кийин анын блогу келет, анда аткарыла турган инструкциялардын жыйындысы камтылган.

Комментарийлер

Программанын коду комментарийлерди камтышы мүмкүн. Комментарийлер программанын маанисин, анын айрым бөлүктөрү эмне кыларын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Программа иштеп баштаганда  комментарийлер эске алынбайт, алар жөн гана программанын коду түшүнүктүү болуусун камсыздайт.

 

Java тилинде комментарийлердин эки түрү бар: бир саптуу жана көп саптуу. Бир саптан турган комментарий кош сызыктан кийин бир сапка коюлат //. /* комментарий тексти */ символдорунун ортосунда көп саптан турган комментарий жазылат. Ал бир нече саптарды камтышы мүмкүн. Мисалы:

/*

көп саптуу комментарий

             жаңы класс жарыялоо,

            программанын кодун камтыйт

*/

public class Program{   // Program классын жарыялоо

     

        public static void main (String args[]){    // main методун аныктоо

         

         System.out.println("Hello Java!");     // жаңы сапты консолго чыгаруу

    }   // main методун аныкталышынын аягы

} // Program классынын аныкталышынын аягы