Loading...

Өзгөрмөлөр жана константалар

    Өзгөрмөлөр программадагы маалыматтарды сактоо үчүн колдонулат. Өзгөрмө  - белгилүү бир типтин маанисин камтыган эс тутумдун аталган аймагын билдирет. Ар бир өзгөрмөнүн тиби, аты жана мааниси бар. Тиби - өзгөрмө кандай маалыматты сактай аларын же жарактуу маанилердин диапазонун аныктайт.

 

Өзгөрмөлөр төмөнкүдөй жарыяланат:

маалымат_түрү  өзгөрмө_аты;

Мисалы, x деп атала турган жана int тибиндеги өзгөрмө аныктайлы:

int x;

Бул туюнтмада биз int тибиндеги x өзгөрмөсүн жарыялайбыз.

Өзгөрмө аты төмөнкү талаптарга жооп берген каалаган  аталыш болушу мүмкүн:

 

  • Aталышта ар кандай алфавиттик-сандык белгилерди, ошондой эле астынкы сызууну(подчёркивание) камтышы мүмкүн, ал эми аталыштагы биринчи символ цифра болбошу керек.
  • Аталышында тыныш белгилери же боштуктар болбошу керек
  • Аталыш Java тилинин ачкыч сөзү болушу мүмкүн эмес

Мындан тышкары, аны жарыялоодо жана андан кийин колдонууда, Java регистрге сезимтал тил экенин эске алуу керек, андыктан төмөнкү декларациялар int num; жана int NUM; эки башка өзгөрмөлөрдү билдирет.

 

Өзгөрмөлөрдү жарыялоо менен биз ага маани бере алабыз:

Int x; // өзгөрмө декларациясы

x = 10; // маани берүү

System.out.println(x); // 10

 

Сиз ошондой эле аны жарыялоодо өзгөрмөгө маани бере аласыз. Бул процесс инициализация деп аталат:

int x = 10; // өзгөрмөнүн жарыяланышы жана инициализациясы

System.out.println(x); // 10

Эгерде биз өзгөрмөгө аны колдонуудан мурун маани ыйгарбасак, анда биз ката алабыз, мисалы, төмөнкү учурда:

intx;

System.out.println(x);

Сиз үтүр менен бөлүнгөн бир типтиге бир нече өзгөрмөлөрдү жарыялай аласыз:

 

int x, y;

x=10;

y=25;

System.out.println(x); // 10

System.out.println(y); // 25

 

Ошондой эле аларды дароо инициализацияласаныз болот:

int x=8, y=15;

System.out.println(x); // 8

System.out.println(y); // 15

 

Өзгөрмөлөрдүн өзгөчөлүгү программанын жүрүшүндө алардын маанисин өзгөртө алабыз:

int x = 10;

System.out.println(x); // 10

x=25;

System.out.println(x); // 25

var ачкыч сөзү

Java 10дон бери, var ачкыч сөзү тилге кошулду, ал дагы өзгөрмө аныктоого мүмкүндүк берет:

var x = 10;

System.out.println(x); // 10

Өзгөрмө тибинин ордуна var сөзү коюлат жана өзгөрмөнүн тиби ага ыйгарылган мааниден чыгарылат. Мисалы, х өзгөрмөсүнө 10 саны ыйгарылган, бул өзгөрмө int түрүн көрсөтөт дегенди билдирет.

 

Бирок, эгерде өзгөрмө var аркылуу жарыя кылынса, анда биз аны сөзсүз түрдө инициализациялашыбыз керек, башкача айтканда, аны баштапкы маани менен камсыз кылышыбыз керек, антпесе биз ката алабыз, мисалы, төмөнкү учурда:

var x; // ! Ката, өзгөрмө инициализацияланган жок

x=10;

Константалар

Өзгөрмөлөрдөн тышкары, Java да маалыматтарды сактоо үчүн константаларды колдонулат. Өзгөрмөлөрдөн айырмаланып, константаларга бир гана жолу маани берилиши мүмкүн. Константа өзгөрмө сыяктуу эле жарыяланат, бирок final ачкыч сөзү биринчи болуп жазылат:

 

final int LIMIT = 5;

System.out.println(LIMIT); // 5

// LIMIT=57; // биз мындан ары минтип жаза албайбыз, анткени LIMIT final б.а константа

Эреже катары, константалардын аттары чоң тамга менен жазылат. Мисалы:

LIMIT, BUNDLE_KEY

Константалар кайра эч качан өзгөрбөшү керек болгон өзгөрмөлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет. Мисалы, бизде Pi санын сактоо үчүн өзгөрмө болсо, анда биз аны константа деп жарыялай алабыз, анткени анын мааниси өзгөрбөйт.