Loading...

Microsoft Visual Studio программасын орнотуу.

         C# программалоо тилинде иштеш үчүн бизге Microsoft Visual Studio программасы керек. Бул программаны кантип көчүрүп алуу керек экендиги төмөнкү жерде жазылган.

       Биринчиден  Microsoft Visual Studio community жүктөп алуу керек. Аны расмий сайтынан жүктөп алсаңыз болот. 

                           

Community  жүктөп алгандан кийин, орноткучту иштетип, "Улантуу"(продолжить) баскычын басабыз.

                                          

Орноткуч бардык жаңыртууларды жүктөп алып, керектүү компоненттерди орното баштайт.

                                          

                                         

Орнотуу процесси аяктагандан кийин, сизге иштеп чыгуу үчүн керектүү болгон кошумча компоненттерди орнотуу сунушталат. Каалаганын тандап, аларды белгилеп,  "орнотуу" (установить)баскычын чыкылдатыңыз.

                     Установка Visual Studio 2019 - Инструкция.

Тиркеме кошумча компоненттерди жүктөп алып, аларды орното баштайт. Берилген процесстин аякташын күтүңүз.

                    

Программа орнотулгандан кийин,  компьютерди перезагрузка кылууну сунуштайт.  Компьютериңизди презагрузка кылыңыз.

Ошентип, Microsoft Visual Studio орноткондон кийин, C# программалоо тилинде программаларды түзө берсек болот.