Loading...

Microsoft Visual Studio программасында иштөө.

         Биз Microsoft Visual Studio  жардамында кантип иштөө керектигин карайбыз. Биринчиден Visual Studio кирип терезеде жаңы долбоор түзүү(создание проекта) баскычын басабыз. Төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй:

             

Натыйжада, көрсөтүлгөн жаңы долбоорду түзүү терезеси пайда болот. Бул жерде бизге керек болгон C# консолдук приложенияны тандап кийинки баскычын басабыз.

             

Кийинки баскычын басканда жаңы проектке ат берүү, кайсыл жерге жайгаштыруу чыгат. Өзүбүзгө ыңгайлуу ат берип жазгандан кийин түзүү(создать) баскычын басабыз.                

            

Натыйжада бизге жаңы проекттин шаблон коду менен терезеси чыгат.                

           

Редактордун терезесинде шаблон кодун алмаштырып, биз бул жерге биринчи программа темасында жазылган листинг 1.1  программалык кодун жазып көрөлү. Жыйынтыгын төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн:

          

Код киргизилгенден кийин, программаны аткарууга болот. Бул үчүн биз атайын куралдар панелиндеги жашыл жебе кнопкасын же Ctrl+f5  басып программанын жообун ала алабыз.

        

 Бизге C# тилин үйрөнөбүз деп жыйынтык чыгарып берди.