Loading...

Диалог терезесинин көрүнүшүн орнотуу(настройка)

     Мурунку мисалда көрсөтүлгөн, диалогдук терезе программасы абдан жөнөкөй болгон. Ал ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, анын аталышы да жок болчу. Диалог терезесин орнотуу(настройка) MessageBox классынын кошумча аргументтеринин Show() методу аркылуу өткөрүп берет жана жүргүзүлөт. Төмөндө Show() методунун аргументтеринин  максаты сүрөттөлөт.

 

1. Биринчи аргумент, биз билгендей, терезеде көрсөтүлгөн билдирүүнү аныктайт.

* 2. Эгерде методго экинчи тексттик аргумент берилсе, анда мындай аргумент диалог терезесинин аталышын аныктайт.

* 3. Үчүнчү аргумент диалог терезесинде көрсөтүлгөн пиктограмманын түрүн аныктайт (демейки боюнча(по умолчанию), пиктограмма терезеде көрүнбөйт).

* 4. Төртүнчү аргумент диалог терезесинде көрсөтүлгөн баскычтарды аныктайт (демейки боюнча(по умолчанию),  мындай баскыч бирөө жана бул ОК баскычы).

Ошентип,  Show() методуна бирден төрткө чейинки аргумент берилиши мүмкүн. Биринчи эки аргумент менен (билдирүү жана аталыш терезелер) жөнөкөй- бул тексттин мааниси. Үчүнчү жана төртүнчү аргументтер анчалык деле жөнөкөй эмес, тактап айтканда, үчүнчү аргумент MessageBoxButtons эсептөөнүн константасы болушу керек.

MessageBoxButtons эсептөөнүн константасы, диалог терезесинде көрсөтүлгөн баскычтардын санын жана аттарын аныктоо 1.1. таблицада келтирилген.

1.1. таблица. Диалог терезесиндеги баскычтарды аныктоо үчүн константалар:

Дагы бир константа, бул жолу MessageBoxIcon, диалог терезесинде көрсөтүлгөн пиктограмманын түрүн аныктайт. Show() методунда төртүнчү аргумент катары колдонулган константалар, 1.2. таблицада көрсөтүлгөн:

1.2.таблица. Диалог терезесиндеги пиктограмманы аныктоо үчүн константалар:

MessageBoxIcon жана MessageBoxButtons константаларын колдонуунун жардамында түзүлгөн  кичинекей мисал:

@A@

using System.Windows.Forms;

class AnotherDialogDemo

{

    static void Main()

    {

        // Диалоговое окно для приветствия:

        MessageBox.Show("Баарына салам!", // Сообщение

                        "Окно с названием", // Заголовок окна

                        MessageBoxButtons.OK, // Кнопка (ОК)

                        MessageBoxIcon.Information // Пиктограмма

                       );

    }

@A@

@T@ @T@

Бул терезенин өзгөчөлүгү билдирүүдөн жана ОК баскычынан тышкары, терезенин жанында аты   Окно с названием  жана маалымат пиктограммасы (көк тегеректин ичиндеги тамга) бар. Төртүнчү аргумент MessageBoxIcon.Information диалог терезесинде көрсөтүлгөн пиктограмманы аныктайт.