Loading...

Консоль киргизүү(Консольный ввод)

Маалыматты киргизүү талаасы бар терезе аркылуу гана эмес, консоль түзмөктөрү аркылуу да киргизсе болот: клавиатуранын жардамы менен маанини терүү менен (консоль терезесинде көрсөтүлгөн). Кийинки, биз программада консоль киргизүүнү кантип ишке ашырууга болорун көрсөткөн мисалды карайбыз.

@A@

using System;

class InputConsoleDemo {

    static void Main() {

        string name;

        Console.Title = "Келиңиз таанышабыз";

        Console.Write("Сиздин атыңыз ким? ");

        name = Console.ReadLine();

        string txt = "Абдан кубанычтамын, " + name + "!";

        Console.Title = "Таанышуу болуп өттү";

        Console.WriteLine(txt);

    }

}

@A@

Бул программада  Console классы колдонулат, ошондуктан биз System аттар мейкиндигине кирген бул классты колдонобуз. Программанын негизги методунда string name командасынын name тексттик өзгөрмөсү чакырылат. Бул өзгөрмө колдонуучу тарабынан киргизилегн текстти сактап калуу үчүн колдонулат. Console.Title = "Келиңиз таанышабыз" командасы менен консолдук терезенин аты берилет.

Console.Write("Сиздин атыңыз ким? ") командасы менен сообщения күтөт төмөндө көрсөтүлгөн:

@T@

@T@

Программа колдонуучунун текст жазуусун күтөт. Биз ал жерге текст жазуубуз керек, андан кийин <Enter> клавишин басуу керек.

@T@

@T@

Колдонуучу киргизген текстти   name = Console.ReadLine(); командасы менен аткарылат. Мында Console классынан ReadLine() статикалык методу чакырылат. Метод колдонуучу киргизген тексттин маанисин окуйт жана натыйжа менен ошол маанини кайтарат. Текст name өзгөрмөсүнүн жардамы менен сакталат. Дагы бир тексттик өзгөрмө    string txt = "Абдан кубанычтамын, " + name + "!" командасы тарабынан жарыяланып инициализацияланат. txt өзгөрмөсүнүн мааниси "абдан кубанычтамын," текстин бириктирүү менен түзүлөт , текст өзгөрмөсүнүн мааниси name жана "!" .

Андан кийин Console.Title = "Таанышуу болуп өттү"  командасы менен консолдук терезесинин атына жаңы ат берилет, кийин Console.WriteLine(txt) командасынын жардамында консолдук терезеде txt өзгөрмөсүнүн мааниси көрсөтүлөт. Жыйынтыгы төмөндө көрсөтүлгөн:

@T@

@T@