Loading...

Диалогдук терезе программасы.

      Биз карай турган кийинки программа диалог терезесинде билдирүү чыгарат: программаны аткаруу үчүн иштеткенде текстти (билдирүүнү) камтыган диалог терезеси пайда болот. Терезеде ОК баскычы болот жана аны чыкылдатуу менен терезе жабылып, программанын аткарылышы аяктайт. Терезени көрсөтүү үчүн биз MessageBox классынын Show() статикалык методун колдонобуз. Класс Forms аттар мейкиндигинде сүрөттөлөт , ал өз кезегинде Windows аттар мейкиндигине кирет. Бул иерархия System.Windows.Forms инструкциясында көрсөтүлөт. Демек, программалык код using System.Windows.Forms инструкциядан Form аттар мейкиндигин туташтырып башталат . Бул MessageBox классын жана анын Show()  методун колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Эгер Show() методду чакырганда  ага аргумент менен тексттин маанисин өткөрүп берсеңиз, анда берилген текстти камтыган диалог терезеси пайда болот. Бул программанын коду:

@A@//Аттар мейкиндигин колдонуу:

using System.Windows.Forms;

//Программанын негизги методу менен класс:

class DialogDemo {

 //Программанын негизги методу:

static void Main () {

//Диалог терезесин көрсөтүү:

MessageBox.Show ( "С# тилин уйронуу" ) ;

  }

}@A@

Бул чыккан жоопту алыш үчүн программанын  өзүнүн этаптары бар. Төмөндө көрсөтүлгөн: 

@T@

@T@

Программанын башында аттар мейкиндигин туташтыруу инструкциясынан тышкары, программанын негизги методунда MessageBox.Show ( "С# тилин уйронуу" ) деген команда бар. Мурда белгиленгендей, бул команданы аткаруунун натыйжасында диалог терезеси пайда болот. Бирок долбоорду түзүү ыкмасы, бул учурда, жогоруда каралгандан бир аз башкача. Андан ары программаны ишке ашыруунун негизги этаптары баяндалат.

Биз программалык кодду киргизгенибиз менен, долбоор азырынча даяр эмес. Ага аттар мейкиндигине шилтеме кошулушу керек.

                     

Бул үчүн сол жакта жайгашкан проектибиздин атына мышканы алып келип сол баскычын басканда бизге жаңы меню чыгат, ал жерден добавить баскычын басып кирип ссылка тандайбыз, төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй:

                    

Ссылканы баскандан соң бизге көптөгөн шилтемелер чыгат, керектүү шилтемени басып, птичка коюлгандан кийин Ок баскычын басабыз. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй:

                  

Эгер программа катасыз түзүлсө, диалог пайда болот.