Loading...

Аттар мейкиндиги(Пространство имен).

         Биринчи программабыздын кодун бир аз өзгөртө алабыз. Белгилей кетчү нерсе, System.Console.WriteLine() командасында аттар мейкиндиги так көрсөтүлгөн System, анчалык деле ыңгайлуу эмес - ал өтө узун. Жалпысынан, C# программасында узун командалар эң көп кездешет. Бирок, бул учурда, биз бир аз кыскартылышы мүмкүн болгон узак команда менен иштеп жатабыз. Бул үчүн программанын эң башында using System инструкцияны кошуу керек  (программадагы инструкция үтүрлүү чекит менен аяктайт). Инструкция дегенибиз, программада System  аттар мейкиндигин колдонот. Жыйынтыгында System.Console.WriteLine()  инструкциясы Console.WriteLine()  инструкциясына айландырылат (System аттар мейкиндиги  көрсөтүлгөн эмес). Биздин биринчи программабыздын жаңы версиясы 1.2 листингде  көрсөтүлгөн.

@A@

// Аттар мейкиндигин колдонуу System :

using System;

//Программанын негизги классы:

class HelloWorld{

//Программанын негизги методу:

static void Main () {

// Билдирүүнү консоль терезесинде көрсөтүү:

Console.WriteLine(“С# тилин үйронүү") ;

    }

@A@

@T@ С# тилин үйронүү @T@

Бул программаны аткаруунун натыйжасы мурунку учурдагыдай эле жыйынтыкты берет.

Алдыга карай, биз using -инструкцияларды ат мейкиндиктерин туташтыруу үчүн колдонобуз. Белгилей кетчү нерсе, программада мындай инструкциялар бир нече болушу мүмкүн (башкача айтканда, программа бир эле учурда бир нече аталыш мейкиндигин колдонууга уруксат берет).