Loading...

Программанын структурасы.

      C# тили толугу менен объектиге багытталган.Ошондуктан эң кичинекей программаны C# тилинде түзүү үчүн бизге жок дегенде бир класс керек болот. Бул жерде биз методологиялык көйгөйгө туш болуп жатабыз: C# тилин үйрөнүүдө дароо класстарды колдонуу керек, ал эми класстын эмне экендигин түшүндүрүү үчүн программалоодо тажрыйба керек болот. Азыркы учурда,  класс кандай сүрөттөлөт ушул менен таанышалы. Класс деген эмне? Аны кантип колдонубуз? Бул суроолорду  кийинчерээк талкуулайбыз.

Ошентип, C# тили менен программаны түзүү үчүн классты сүрөттөө керек. Классты сүрөттөө class деген ачкыч сөзү менен башталат. Кийин класстын аты жазылат. Класста  тармал кашаалар берилет. Класстын аталышынан кийин ачылуучу кашаа { , ал эми класстын аягына жабуучу кашаа }  белгиленет. Ошентип, класс сүрөттөмөсүнүн шаблону төмөнкү формага:

class класстын_аты{

//класстын сүрөттөлүшү (Описание класса)

}

Биздин учурда, класс негизги методдун сүрөттөмөсүн камтыйт. Негизги метод - бул программа болуп саналат. С# тилинде программаны аткаруу негизги методду аткарууну билдирет.  Негизги методду сүрөттөөнүн бир нече альтернативдүү жолдору бар. Берилген эң жөнөкөй шаблонду колдонобуз:

static void Main(){

// программанын коду

}

     Негизги методдун сүрөттөлүшү static ачкыч сөзү менен башталат. Ушул ачкыч сөз негизги метод статикалык экендигин билдирет, ошондуктан методду чакыруу үчүн объект түзүүнүн кажети жок. Кийинки көрсөтүлгөн void ачкыч сөзү, бул метод натыйжа бербейт дегенди билдирет.  Натыйжа бербеген метод - бул метод чакырылганда ырааттуу аткарылуучу көрсөтмөлөрдүн жыйындысы. Main негизги метод болуп саналат. Методдун аталышынан кийин тармал бош кашаалар көрсөтүлөт- анткени негизги методдун аргументтери жок.

Ошондой эле , көп учурда негизги методдо static жана void негизги ачкыч сөздөрдөн тышкары public ачкыч сөзү колдонулат деп белгилешет. Public ачкыч сөзү  методдо ачык жана класстан тышкары жеткиликтүү дегенди билдирет. Ошону менен бирге, C# программалоо тили public  ачкыч сөзүн милдеттүү түрдө колдонууну караштырбайт.

Ошентип, C# тили менен эң жөнөкөй программаны түзүү шаблону төмөнкүдөй:

class класстын_аты{

    static void Main(){

// программанын коду

     }

}

Негизги методдун корпусунда программанын иш процессинде аткарылган командалар болушу керек.