Loading...

Биринчи программа.

     Биздин эң биринчи программабыз консоль терезесинде билдирүү көрсөтөт. Биринчи программанын программалык коду төмөндө көрсөтүлгөн:

 @A@//Программанын негизги классы:

class HelloWorld{

 //Программанын негизги методу:

static void Main () {

 // Билдирүүнү консоль терезесинде көрсөтүү:

System.Console.WriteLine( "С# тилин үйрөнөбүз" ) ;

   }

} @A@

@T@ С# тилин үйрөнөбүз @T@

 

Программаны иштеп чыгуу чөйрөсүндө кантип ишке ашырууну карап чыгабыз, бирок ага чейин программанын кодун талдайбыз. 1.1. листингиндеги коддо HelloWord атындагы класс сүрөттөмөсү камтыйт. Класста  негизги Main() методу сүрөттөлөт. Негизги методдо бир гана System деген команда бар. System.Console.WriteLine( "С# тилин уйронобуз" ) терезеде билдирүү көрсөтүлөт.

Команда WriteLine() методун чакыруу дегенди билдирет. Метод тексттерди көрсөтүү үчүн арналган. Текст (кош тырмакчада) методго аргумент аркылуу берилет. Метод Console деп аталган класстан чакырылат. Методдун аты класстын аталышы менен чекит аркылуу бөлүнөт. Console классы System аттар мейкиндигинде жайгашкан.

Программанын коду  комментарийлерди дагы камтыйт. Бул адам үчүн арналган жана программаны түзүүдө эске алынбаган түшүндүрмөлөр. Комментарий кош сызык менен башталат//. Кош сызыктын оң жагындагы бардык нерсе//, компиляциялоодо эске алынбайт.

Программалык кодду бөлүп алгандан кийин, эми эмне экендигин билип алабыз. Бул код менен программаны компиляциялоого жана аткарууга иштетүүгө болот.